www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан СССРдеги жетимиш жылдык авторитардык режиминен соң Аскар Акаевдин айтуусунда «демократия аралча» катары демократиялык курска багыт алган. Демократияга багыт алуу деген эмне? Бул терини тескери кийип, демократияга таянып, элдин мал-мүлкүн талап-тоноп, азыркы Батыштын жаштары Туу туткан адаттагы эмес нормаларды киргизүү үчүн жан талашуу. Демократиянын жакшы жактары катары адам өз оюн эркин айтууга укуктуу болгону менен, демократияга жамынып алышып «Азаттык» сымал Батыштын колунан жем жеген маалыматтар, кыргыз улутунун калып болуп калган түпкү үрп-адаттарына кол шилтеп, ошолорду колдогон адамдарга карата «кара пиарларын» тынбай жүргүзүп келе жатат.

Алмазбек Атамбаев

Азыркы Батыштагы демократиячыл миллиардерлер Кыргыз Республикасынын жылдык бюджетин кепек ордуна да көрүшпөйт. Керек болсо Атамбаевге окшогон миллиардерлерди короосун шыпыртып коюшат. Мульти –миллиардер Атамбаев бир убакта дерделеңдеп мактанган: «Мен мульти –миллионер» кезимде Путин Собчактын чемоданын көтөрүп жүрчү» - деп. Чындыктын жышааны бар, Атамбаев кыргыздын темирин Кытайга сатып мульти-миллионер болгон кезинде Путин Ленинграддын мэри Собчактын кол алдында иштей турган. Алмазбек Атамбаев Кытайга темир-тезек сатканы менен Кытайдан кадыр-барк күтүп ала алган жок. Ошондуктан, ал бизнесин «Азаттыкка» окшогон үн алгылар менен жаап жашырып, бийликтин туу чокусуна келди. Атамбаевден эмне мураска калды? Кытайга 1 млрд 800 млн сом карызыбыз калды. Ушул жерде көптөгөн «иттин өлүгү» жашынып жатат. «Датка» электр чордонун салуу мезгилдин иши болгон, анын ТЭОсун мурунку президент Бакиев түзүп, Атамбаевдин улап бүтүрүп койгонуна шүгүр. Болбосо, Камбар – Атадай көңүл бурбай койсо калып калмак. Ал эми ТЭЦти оңдоого мурунку бийлик 150 жана 200 млн долларга Кытай менен макулдашып жаткан, буга 386 млн сом кетти. Экономикалык жактан эч натыйжа бербеген Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна 860 млн доллар кетти. Атамбаевди бийликке алып келиш үчүн, өз дараметин аябаган «Апрель баатыры» Кайып Шердин оюу боюнча Атамбаевди бийликке алып келип, элдин шоруна калдык дейт. Өлкөнү оңдойбуз деп, сомдоп алганыбыз чын. Нарын облустук аялдар кеңешинин төрайымы Бактыгүл Жумабаеванын пикири боюнча: “Баарыбызга белгилүү болгондой Райымбек Матраимовго карата соттун чечими чыкты. Бул адамга Алмазбек Атамбаев кезинде бут тосту деп эсептейм. Себеби, жакшы иштеп жаткан кыйын кадларга Алмазбек Атамбаев көп тоскоолдук жаратып, артка тартты. Аларды көрө албай койду. Аягында кылмыш ишин козготуп, айрымдарын каматты. Мисалы, Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турганда аябай жакшы иштептир. Шаардыктардын көпчүлүгү анын иштегенине ыраазы экен. Ал эми экс-депутат Карганбек Самаков кандай жакшы эмгек кылды. Ошону менен катар, кыргыз элинин улуттук кийимдерин даңазалап, өз каражаты менен аларды дүйнө элине чейин таанытты. Ал эми Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп жакшы эле жүргөндө ага асылып, мыйзамсыз иштен алды. Аны каралап “мамлекетке зыян келтирди” деп күнөөлөп жүрдү. Бирок, эч кандай кынтык табылган жок. Ал төраганын жөнөкөй гана орун басары экен, өзүнүн адамы Кубанычбек Кулматов төрага болчу. Эмнеге аны суракка алып, күнөөлөбөйт. Бул жерде көрө албастык бар. Ал кыйын кадрларды алдына чыгаргысы келбейт экенин тастыктады. Ошондой эле, өзүнүн жакын досу Сооронбай Жээнбековду президент кылды, аны колдоп коштоп иштеткендин ордуна, ага дагы асылды. Аягы жаман иш менен бүттү. Андыктан менин айтаарым Матраимов сыяктуу мыкты кадрларды жетекчилик кызматка коюп, аларды колдосок”, - дейт Жумабаева.

Экс-президент Жээнбековдун тушунда, экске жакын санаалашынан сурадым эле. Райымбек Матраимов ызы-чууга айланып күчөп кетти, эмнеге камабай жатасыңар, борбор жак болбой калды кыжыры кайнап десем, "Райымбек камалды дегиче Кытай менен болгон соода-сатык солгундап, өлкөнүн базараларында проблема башталып, өлкөнү кадимкидей каатчылык каптайт. Бул тууралуу пикирин Эрнис Нурдин айтты.

«Кыргыз-Кытай ортосундагы соода маселеси, Атамбаев учурунда Райымбек байланып калыптыр иним. Президент Жээнбеков да ушул нерсенин үстүндө баш катырып жатат, ошол замат  кыйын экен" деген эле. Дегени чын чыкты. Райымбек Матраимов камалды, Кытайдан келген товарлар Казакстан аркылуу кетти. Биздин ишкерлерде, базарларда чоң көйгөй жаралды. Көйгөйдү пандемияга шылтоолоп, жүк өткөрүү посттордун жабылышына шылтадык. Шылтообуз шоона эшпей, Кытай товары Казактарга келип түшүп жатат. Прямой келген товар эки эсе кыматтап, через казактар аркылуу алып баштадык. Кептин кыскасы колдогу нанды кошуналар тартып кетти»,- деди Эрнис Нурдин.

Раим Матраимов

Раим Матраимов 2016-жылы президент Атамбаевдин тушунда ошол кездеги премьер Темир Сариевдин тушунда Атамбаевдин макулдугу менен Бажынын төрагасынын орунбасары катары келет. Ал кезде Кытайдын товарлары Кыргызстан аркылуу өтүп «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары аркылуу Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга өтүп турчу. Казакстан курган «Хоргос» тараптан өтсө өтүп тургандыр, бирок Кыргызстандын базарлары алдыңкы орунду ээлеп келген. 2017-жылы президент Атамбаев кетер кербези кылып Назарбаев менен тыштан алышып, ичтен болбогон иш үчүн Раим Матраимовду кол алдындагы премьери Сапар Исаков менен куугунтуктап «Хоргоско» күч берди да кыргыздын базарлары «Дордой» менен «Кара-Сууну» бутунан сүйрөп кийинки орунга жылдырып койду. Мындай чала-сабат саясаттын саңырсыган жыты көп узаган жок. Кыргызстанга кайтып келген Райым Матраимовду Атамбаев өзүнө тиешелүү маалыматтар менен каршы тосуп алып, «Азаттык» аркылуу ушактарды, жалааларды тарата баштады. Бул иш ошол бойдон тынчып калган жок, бүгүнкү күнгө чейин уланып келатат. Райымбек Матраимов камалгандан бери социалдык тармакта колдогондор көбөйө баштады. Белгилүү журналист "AЗИЯnews" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев: «Түрмөнүн жабылган каалгасы да ачылат. Ал күн деле алыс эмес. Райым Матраимов сыноону татыктуу өткөзөрүнө ишенем. Кыйын учурда көп нерсени таразалап алса... Башкы ката – ишенчээктик болду окшойт. Буюрса баары жайына келет. Каңырык түтөткөн түндөр кубанычка айланаары шексиз. Убакыт дары. Райымбек Матраимов өзүнчө энциклопедия сыңарындай арбын сырларды ичине катып отурса керек. Тирүү легендага айланабы?»- деп жазып чыкты Аслан Сартбаев.

Ал эми Нурлан Мотуевдин оюу мындай: «Мен да ушул жагдайга түшүнбөй калдым. Али баштаган, Батыш каржылаган бузуку НПОчулар кыйкырып, үркөрдөй үч жүз киши менен митинг уюштуруп коюшса эле, Райымбекке окшогон эл сыйлаган, бей-бечара жакшылыгын көргөн меценттарды камай беришсе, кыргыз улутубуздун тың чыкма уулдарын тукум курут кылып алабыз. 1916-жылы бир кырылган, 1937-жылы эки репрессияланган кыргыз эми Батыштын бачабаз конституциясы менен жашаган чоңдорунун талабы менен камалып, жоголо берүүсү керекпи? Дегеним, АКШ элчилиги энтендеп бүгүн Райымбек Матраимов жөнүндө жасаган билдирүүсүнө абдан ачуум келди. Жаңы бийлик зыянсыз момун Матраимовдон эмнеге кооптонмок эле. Бул көлдөй көйкөлгөн, жок дегенде өзүн актап сүйлөп койгусу келбеген жоош адам турбайбы? Райымбек төгө турган акчаны төктү. Бирок, жаңы бийлигибиз эл аралык коомчулук эмне дейт деп эле Райымбек илинген Атамбаев шайкасынын жалган жалаасына ишенип албоосу керек. Дагы кайталап айтам, генофондубузду тукум курут кылып алабыз, чет эл эмне дейт деп жашасак. Ошол жогорку бийликте отургандарга кеңеш берип жаткандар туура эмес кеңеш берип жатышат. Же, туура кеңеш берчү биз менен масилеттешпейт. Не кылмакчыбыз? Ак дуба, ак батабызды берип турабыз».

Журналист Элнура Алканова Райымбек Матраимовду бүгүн колдоп митингге келгендерди акча алып анан келишкен деген сөз негизсиз экенин айтты. Ал Райымбек Матраимов Кара-Сууда өткөргөн иш чарага бүт кыргыз элитасы барганын эскертип: “Матраимов волейболдук турнирдин катышуучуларын колдоп, каржылап келген. А бүгүнкү колдоо митингинде алардын карааны көрүнбөйт”, - деген пикирин айтты ал.

Депутат Таабалды Тиллаев да өз пикирин айтты: "Биз эл өкүлү болгондон кийин эл алдына келип, мыйзамсыз иш аракеттер болуп жатса өз оюбузду айтышыбыз керек. Укук коргоо органдарын, тергөө органдарын, сот органдарында чоң жоопкерчилик турат. Кечээ күнү акча төктүрүп, соттоп, бир жумага жетпей кайра соттойбуз деген бул акылга сыйбаган көрүнүш. Бийликте отурган агаларыбызды элдин алдында каралап, жаман материалдарды көрсөтүшкөн. Бүгүнкү күнү ал элдин сүймөнчүлүгү болуп, 80 пайыз добуш алып, президент болуп отурат. Райымбек Матраимов кача турган болсо октябрь окуясында эле качып кетмек. Ал качкан жок. Соттор ал кишини боштондукка бошотуп тергөө амалдарын жүргүзө беришсин. Эртеңки күндү, мамлекетти, келечекти ойлоп туура кадамдарга баруу зарыл", - дейт ал.

УКМКнын алдында Райымбек Матраимовду колдоо митинги өттү. Имараттын алдына Матраимовдун кармалышына каршы болгон тарапташтары чогулду. Тынчтык митинггине чыккандардын саны болжол менен 70тен ашат. Алар Матраимов элге кыйын кезеңде жардам берип, пандемия учурунда бийлик кылбаган жакшылыктарды Матраимов жасаганын айтышууда. Ал эми митингдин катышуучусу спорттун отличниги Шайлообек Атазов Райымбек Матраимов тууралуу өзүнүн жеке пикири менен бөлүштү: «Райымбек Матраимовдун жакшылыктарын унутпайлы, мекен үчүн жанын үрөгөн, элине кызмат кылган киши. Ага карата коомчулукта туура эмес маалымат тарап жатат», - деди ал.

“Райымбек Матраимовду камасаң болбойт!” деп бийлик талашкандар митингге чыга беришип, акыры Сооронбай Жээнбековду тактан алып түшүп, бирок, бийликке жетпей, ыкчам аракет кылган Садыр Жапаровго бийликти жулдуруп жиберишип, “оозунан алдырган бөрүдөй” умсунуп, энесине таарынган баладай тултуюп калышкан. Бул тууралуу пикирин Абдымамбет Сариев билдирди. Райым Матраимовду бийлик талашкандар “куурчак” кылып алышканбы? Же Райымдан башка ичкич-жегич Кыргызстанда такыр жокпу? Же Райым “саан уйбу?”. Жакындан бери баягылар “Райым Матраимовду камасаң болбойт!” деп Садыр Жапаровдон талап кылып, митингге чыга беришип, акыры Раимди каматып тынышты! Эми мунун аягы кандай болоор экен? Сырткы карызы көп Кыргызстандын элине тынчтык жол менен өнүгүп-өсүү оңбу же мен тааныбаган Райымды шылтоолоп, күндө митинг кылып төңкөрүш жасоого жутунгандарды колдоп, бийликти улам алмаштырып, карызга батып будуң-чаң болуп кыйналып жашай берген оңбу?! - дейт Абдымамбет Сариев.

“Мээр жазы” коомдук уюмунун төрайымы Ыргалай Бекмуратова билдирди: “Мамлекет карайлап турганда Райымбек Матраимов аябай жардам берген. Аны жалпы эл билет. Жети дубандагы муктаж адамдарга кол сунган. Ал эми мамлекетке акчаны төлөтүп, сотко чейин ашырып, андан дагы акталганда кайра камап салгандары туура эмес. Бул абдан өкүнүчтүү. Камчыбек Ташиев кол койбой койсо, анын орун басары кол койгон экен. Ошол орун басарга кайрылам. Жалпы кармагандарга кайралм силер Райымбек Матраимов кылгандай мамлекетке жардам кылдыңарбы, бирөөңөр ушул адамдай кылган эмгекти силер жасадыңарбы. Менин айтаарым өлкөгө, элге кызмат кылган уулдарды каралабай, колдойлу. Мен биздин коомдук уюмдун атынан кайралым”, - дейт Ыргалай Бекмуратова.

Батышчылдар

Батышчыл күчтөр Кыргызстанды жок кылууга активдүү киришип жатат. Алар, алгач ой жүгүртүү, булганыч агымдарды, кыргыздын улуттук баалуулуктарын, салттуулугун талкалап башташкан. Мисалы, 3 жылдан бери Бишкекте туруктуу гей-парад өтүп жатат, 8-мартта. Мурда бул күндү энелердин, эже-карындаштардын майрамы катары билсек, эми гей парад өтчү күн катары таанып, ага дагы көнүп калдык. 2011-жылы биринчи жолу ЛГБТ (гей-лесбиянкалар) тууралуу “Азаттык” радиосу атайын ток-шоу алып чыккан. Батышчыл күчтөр “Азаттык” радиосу аркылуу маалыматтык чабуул жасап, элдин, жаштардын мээсине терс агымдарды орнотту. Мындай күчтөр биригип, ал тургай шайлоолорго дагы катышып, өздөрүнүн саясий командасын негиздеп алышты. 6-октябрдагы баш аламандыкты дагы алар себепчи болуп уюштурушкан, бирок өздөрүнүн күткөн жеӊишине ээ боло албай калышты. Эми ушул жаздын апрель айына кайрадан революция кылып камынып жатышкан. Шылтоосу – Райымбек Матраимов болчу.

Ар жуманын жекшемби күнү митинг кылып, акырындык менен даярдык көрүп жатышкан. АКШнын Кыргызстандагы элчиси дагы “жазда Кыргызстанда баш аламандык болот”-деп маек берип, элди жана өзүнүн тарапташтарын психологиялык даярдыкка багыттаган. Көчөгө чыгып жаткан “Азаттык”, НПО, ЛГБТ өкүлдөрү бүгүн дагы митинг уюштуруп, “Чек ара чечилсин”, “Дашков камалсын” деген жаӊы талаптарды айтышты. Биринчиден, көпчүлүгүн гейлерден турган, аскердик кызмат өтөбөгөн, чек ара кайтарып көрбөгөн бул топко чек ара, мамлекеттин бүтүндүгү өтө деле маанилүү эмес. Булардын эӊсегени шылтоо таап, Кыргызстанда баш аламандык жаратуу, өздөрү бийликке келүү. Чынында кайсы чек ара аймагында чыр чыгып жатканы тууралуу өздөрү дагы маалыматы жок, зомби сыяктуу эле кыйкырып ажылдагандар. Буларга Матраимов камалышы же эркиндикте болушу деле өтө кызыктуу эмес. Болгону өздөрүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн Матраимов аларга шылтоо үчүн гана керек болгон. Кыргызстанды жок кылууга аракет кылган күчтөр жок болушу керек же Кыргызстан Сириянын абалына туш болот. Эл тынчтыкты же батышчыл күчтөрдүн азгырыгын тандашы керек!Ал эми тийешелүү органдар – ниети түз эмес бул топтогу агенттерге чара көрүп, катаал жаза берсе дагы эл нааразы болбос. Анткени Кыргызстандын тынчтыгы ар бир мекенин сүйгөн жаран үчүн абдан кымбат!

Эркин журналист Толгонай Амирова да өз оюн билдирди. "Райымбек Матраимов бажыда болгону орун басар болгон. Ошол убактагы бажынын башчысы Кулматов жөнүндө эмнеге сөз болбойт? Эмне үчүн Дача-Суда адамдардын өмүрү кыйылды? Ал жөнүндө эмнеге кеп салбайсың? ЖЭБдеги кычкачтар жөнүндө эмнеге кеп салбайсың? "Кыргыз Газы" бир сомго сатылып кеткен. Ал жөнүндө эмнеге кеп салбайсың? Эмнеге Матраимовго эле асылып жатасың? Ал кыргыз элинин жерин сатыптырбы? Бул киши качып кеткенге толук мүмкүнчүлүгү бар болсо дагы качкан жок", - деди Нарын облусунунун тургуну.

Жарандык активист Шамурза Бөрүкулов :“Бул Али Токтакунов деген шакал жалаң кыргыз элинин душмандары менен тил табышып, ошолордун заказын аткарат. Үч жылдан бери шыйпаңдап Атамбаевдин аяк-быягына өтүп, ошонун заказын аткарып жүрдү. Отунбаеваны өзүн тууган апасынан да жакшы көрөт болуш керек. Мына эми Текебаев менен жолугуп, мындан кийин эмне деп сүйлөштү, кимдин үстүнөн жугунду куюш керек деген кезектеги тапшырма алып жатса керек. Атамбаев Азаттык деген бузукулардан турган каналдын бир топ журналистеринин ичинен Алини бекеринен тандап алып, Райымбек Матраимовго агытып кое берген эмес да. Кылмышы башынан ашып жаткан Атамбаевди иликтебей, тескерисинче аны менен жытыгышып жүргөн ушул эл бузарды "Али азамат" дегендер да чыгып жатат. Жугундукорлор Атамбаевдей кылмышкерди колдошуп, Алиге окшогон таштандыларды тандашат да. Көр көрдү карангыда табат дегендей, бузукулар да бирин-бири жамандыкта таап алышат”, - деп белгилеген ал.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости