www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бет капты узакка тагынып жүргөндө кариес пайда болуп, бүйлө ооруй баштайт. Бул туурасында "Звезда" телеканалына стоматолог Геннадий Шаргородский билдирген.
"Ооз менен мурундун дайыма жабылып жүрүшү биринчи кезекте дем алууга таасирин тийгизип, адам абаны оозу аркылуу көбүрөөк жута баштайт. Андан улам нымдуулуктун агымы азайып, адамдын ооз көңдөйү кургайт. Бул кариестин өрчүп кетишине жана бүйлөлөрдүн оорушуна алып келет", — деп түшүндүрдү врач.
Дарыгердин айтымында, ал ооздо жагымсыз жытты пайда кылат. Стоматолог бет капты көбүрөөк кийип жүргөндөргө тишин байма-бай жууп, улам чайкап турууну сунуштады. Андан сырткары, ооз кургап кетпеш үчүн сууну арбыныраак ичкен пайдалуу экенин кошумчалаган. Шилекейди иштеп чыгуу үчүн сагыз чайнап жана набат сындуу азыктарды соруп жеп турган да жакшы экени айтылды.
Бет капты узак тагынганда ооздун былжыр чели жабыркап, кээ бир жерлеринде кара тактар пайда болот.
"Ооздун ичиндеги микробдор сыртка чыкпай калат. Бет кап негизи баарынан сизди эмес, сизден баарын сактайт эмеспи", — деген Шаргородский.
Ал бет капты тагынуу зарыл экендигин, бирок патологиялык микроорганизмдер сыртка чыгып турушу үчүн анда-санда чечип туруу керектигин айтты.
Булак: NazarNews.kg