www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мен ПАТРИОТ” аталышындагы турнирде ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 17 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

“Мен ПАТРИОТ” деген аталышындагы Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата аскердик кол кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир 2021-жылдын 20-21-февраль күндөрү “Газпром” спорт комплексинде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өткөн.  

Турнир  Аскердик кол күрөш федерациясы  тарабынын уюштурулган. Күч түзүмдөрүндө чыныгы мырзалар кызмат өтөөрү анык. Кызматкерлер физикалык жактан чымыр денелүү, жүрөгүндө жалыны бар эр азаматтар экендигин эч ким тана албайт.

Турнирде ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунан 65 кызматкери ар кандай салмакта күч сынашып, анын ичинен 17 кызматкер  байгелүү орундарды камсыздашты. 17 медалдын ээлерин полктун жалпы өздүк курамы куттуктап,  мындан ары дагы спортто ийгиликтерди каалашып, кызмат менен спортту эриш-аркак бирге алып жүрүүлөрүнө тилектештигин билдиришти. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости