www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Бишкек-Ош жолунун айрым тоолуу тилкелеринде унаа тыгыны пайда болуп, кыймыл токтоп калганын айдоочулар социалдык тармактарга жазышты.

Транспорт жана жол министрлиги бул маалыматты ырастады. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, жол тыгындардын алдын алуу максатында магистралдын эки тарабына – «Сосновка» жана «Арал» жол бекеттеринде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилүүдө.

Маалыматка ылайык, №9 жол эксплуатациялоо башкармалыгынын (ЖЭБ) жумушчулары жолду кардан тазалап, кум чачып жатышат. Бишкек-Ош жолу ачык, кыймылга чектөө жок.

Министрлик ошол эле учурда кардан улам Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жана Чапчыма ашууларында жол тыгыны пайда болушу ыктымалдыгын эскертип, унаалардын ортосундагы аралык кеминде 500 метр болуусун эскертүүдө.

Бишкек-Ош жолу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган автомагистрал. Жолдун узундугу - 700 чакырым. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости