www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Москвадагы Рублево-Успенское автожолундагы бийиктикти чектөөчү бетон устунду 54 жаштагы Кыргызстандын жараны башкарган бетон аралаштыргыч сүзүп кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Анын айтымында, бетон устун кулап, өтүп бара жаткан Hyundai унаасынын капотун басып калган. Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери унаа жолдун эки тарабына тең чектөө киргизишти.

Hyundai катуу жабыркап – унаанын маңдайкы бөлүгү бырчаланып кеткен. Бирок айдоочу жаракат алган эмес. Ал унаанын терезеси аркылуу чыгууга аргасыз болгон.

Hyundaiдын видеорегистратору тартып алган кадрлардан көрүнүп тургандай, жол кырсыгынын себьепчиси жолдун көлөмүнө туура келбеген бетон аралаштыргыч болгон. Буга карабастан, миксердин айдоочусу өз бактысын сынап, бийиктикти чектегич аркылуу өтүүнү чечкен.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости