www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдардын жана мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча расмий портал иштей баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, сайтты Билим берүү министрлиги россиялык тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте иштеп чыккан.

"Порталга tamakash.edu.gov.kg дареги аркылуу кирүүгө болот. Анда баланын мектептеги жана үйдөгү тамактануусун жакшыртуу тууралуу пайдалуу маалыматтар бар. Ошондой эле мектептердин ысык тамактанууну уюштуруудагы маалыматтары, балага тамакты туура тандап берүү боюнча адистин кеңештери да камтылган", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ата-энелер сайтка жайгаштырылган ар кандай сынактарга катышып, баалуу белектерди утуп алса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости