www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз эл мугалими, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, академик Аманбек Жайнаков 81 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Жайнаковдун жакындары маалымдады.
Аманбек Жайнаков 1941-жылы 7-октябрда Талас районундагы Кырк-Казык кыштагында туулган.
1963-жылы Кыргыз мамлекеттик институтунун физика-математика факультетин, 1969-жылы аспирантурасын аяктаган. 1970-жылы кандидаттык диссертациясын, 1984-жылы докторлук диссертациясын жактаган.
Алгачкы эмгек жолу 1963-жылы өзү бүткөн окуу жайда мугалим болуу менен башталган. 1976-жылга чейин КМУнун теориялык физика кафедрасында окутуучу, доцент, кафедра башчысы кызматтарында эмгектенген.
1976-жылы Аманбек Жайнаковдун демилгеси менен ЖОЖдор аралык электрондук эсептөө борбору уюштурулуп, ага жетекчи болуп бекитилген. Кыргызстандагы компьютердик технологиянын түп-башаты болгон бул тармакта окумуштуу 26 жыл эмгектенип, документтерди автоматтык системага киргизүү, маалыматтык-электрондук база түзүү, программа иштеп чыгуу жаатында алгылыктуу иштерди жасаган. Аталган борбор кийинчерээк Маалымат таануу жана маалымат технологиясы институту болуп кайра түзүлгөн.
2000-жылы Улуттук илимдер академиясына академик болгон. 2003-жылы Кыргыз билим берүү академиясынын (КАО) президенти болуп дайындалган.
Ошол эле жылдын февралында ал иши менен айкалыштырган шартта Улуттук илимдер академиясына (УИА) вице-президент, Физика-техникалык, математикалык жана тоо-геологиялык илимдер бөлүмүнө бюро жетекчиси кызматтарын аркалаган.
2003-жылдан көзү өткөнгө чейин УИАнын Ж. Жээнбаев атындагы физика-техникалык көйгөйлөр жана материалдык таануу институтунун «Электрдик жаанын плазмасынын прикладдык динамикасы» илимий изилдөө долбоорун жетектеп келди.
2008-жылдан тарта УИАнын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунда башкы илимий кызматкер, Ү. Асаналиев атындагы Тоо-металлургия институтунда маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын башчысы кызматтарында, андан тышкары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде иштеди.
350дөн ашуун ар кыл эмгектин автору. 11 монографиясы, 10 окуу китеби жана колдонмо окуу куралы жарык көргөн. Аманбек Жайнаковдун илимий ачылыштары Германия, Италия, Япония, Югославия, Англия, Корея, Орусия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерде колдонулуп келет.
Анын илимий жетекчилиги астында 5 илимдин доктору, 15 илимдин кандидаты диссертациясын жактаган.
Булак: NazarNews.kg