www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адатта Аксарай шыбыштары коомчулукка чыга бербейт. Андыктан, жең ичиндеги чечимдерге, көшөгө артындагы оюндарга ортоктош болууга аракет кылалы. Биз бу саам өмүр бою физрук кесибин аркалаган Медет Букуев жөнүндө кеп салып, ортого бир топ суроолорду таштамакчыбыз.

Ал кантип “серый кардиналга” айланды? Ириде “каарманыбыздын” кадр саясатына таасири канчалык экенине көз чаптырып көрбөйлүбү?

Медет Букуев тууганы Эрмек Нургазиевди Бишкек мэрлигине түртсө, анысынын алдамчылык иштери, аялды сабаганы талкуу жаратып, бир күндө эле ыргып кеткен. Шыбагасы үчүн машина, Ысык-Көлдөн коттедж белекке алганбы?

Көп өтпөй дагы бир жакыны, жердеши Бакыт Кудайбергеновду мэр кылганбы? Иштей албай койду. Эксперимент жасаганын токтотпой, жөндөмсүз Кудайбергеновду президенттин иш башкармалыгына которуп жибергени айтылууда.

Кудасы Марат Иманкуловду коопсуздук кеңешинин катчылыгына алып келгени, Темирбек Асанбеков менен Максат Мамыткановдун ЕЭКке министр болушуна, Бишкек мэрлигине Айбек Жунушалиевдин келишине салым кошкону каңкууланган.

Ошентип, ректорлорду каалагандай калчаганы, орто-жогорку кызматтарга кадрларды түрткөнү “жөө жомок” сыңарындай улана бермекчи... Мамлекеттик сыйлыктарды, генералдык чиндерди кимдерге берүү маселесине аралашканын да өздүк булагыбыз кошумчалады.

Мындан сырткары, Медет Букуев Чүйдүн губернатору Эркин Тентишев менен тыгыз мамилеге өтүп, “Солто” коомунун башчысына айлануу менен таасир жаратууга кызыкдар.

“Бирге” партиясын парламенттик шайлоого сүрөп, өз балдарын депутат кылууга ашыгып калган кербезиби? Ошол эле кезде “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак” ж.б. партияларга кастарын тиктиби?

Кызыгы, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жылдыз Жолдошова, Ахматбек Келдибеков, Канатбек Исаев, Рыскелди Момбеков, Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев сыяктуу саясатчыларды суракка сүйрөткөнбү? Башкы прокуратуранын талабы менен ИИМ тергөө ишин улантты го?..

Медет Букуев президенттин кеңешчисинен өкмөткө секирип, ордуна Бекбосун Бөрүбашевди коюп кеткени да тар чөйрөдө талкууда. А эң кызыгы, Камчыбек Ташиевге каршы Таалатбек Масадыков менен Марат Иманкуловду тукуруп, УКМК жетекчилигин алууну көздөгөнү ыраспы?

Ошондо кимиси барат? Сыягы, кудасы Марат Иманкуловго УКМК төрагасын алып берүүгө ынтызарбы?

Минтип отурса, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мамилесин муздатууга, эки досту алыстатууга салым кошпойбу?..

Сары Өзөндө Медет Букуев өзгөчө таасирге жетүү үчүн Туйгунаалы Абдраимовду, Канат Исаевди саясаттан сүрүп салууга батынса, аягы кандай бүтөт? Дагы бир мыктычыкма Темир Сариев түрмөдө отурса...

Эркин Тентишевди өзүнө имерип, досу Ахматбек Келдибековдон алыстатып салганбы? Баса, саясый стратег Бекболот Талгарбековго каршы оюндарды жүргүзүп, бут тосууларды жасап келеби?..

Ток этери, Медет Букуевдин элита айдыңындагы “ачылыштары” муну менен эле бүтүп калбаса керек. Аз күндө дагы бүйүр кызыткан кептер удургуса...

Булак: Азия News гезити

Последние новости