www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурунда Ленинградда бирге окуган Дастан аксакал карындашы таластык Майрам Дүйшөн кызы менен Аскар Акаевдин баш кошушуна себепкер болгон. Ошонун шарапатынан улам, Акаевдин кан досу Дастан Сарыгулов Акаевдин учурунда иштебеген мыкты иштери калбады.

Ал кандосуна таянып Таласты телефон менен жетектеген губернатор болду, «Кыргызалтында» чокчолоңдоду, мамлекеттик катчы кызматын аркалады. Өзү аз келгенсип инилерин айрыкча Аскар Сарыгуловду чет мамлекеттен валюталарды алып келип, капчыгын кампайтууга көмөк көрсөткөн.

«Кыргызалтындын» жетекчиси катары канадалыктардын Кумтөрдө оюн салуусуна чоң салым кошкон. Учурдагы бийлик ага жакпай тургандай, кыргыз элинин келечеги бүдөмүк болуп калган сыяктуу. Табияттын бары ыксыз талкаланууда деп азыркы Кумтөр кенин жетектеп турган Теңиз Бөлтүрүккө сын айтууда. Канадалыктарга Кумтөрдү берүүгө салым кошкон Дастан Сарыгулов жооп берсе болмок.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости