www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө өтүп жаткан суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучуларынын жана көрүүчүлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мелдеш өтүп жаткан аймактарда куткаруучулар күнү-түнү нөөмөттө турушат. Коопсуздукту камсыздоого куткаруучу кайыктар, суучулдар, өрт-куткаруу бөлүмдөрү жана ыкчам аракеттенүүчү адистер тартылган.

Мелдештин алдында куткаруу техникасынын, жабдуулардын жана байланыш каражаттарынын даярдыгы текшерилип, суучулдар практикалык машыгууларды өткөрүштү.

ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого, уюштуруучулардын жана өзгөчө кырдаалдар кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.

Последние новости