www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швециянын Гётеборг шаарында өткөн эл аралык жаштар арасындагы Gothia Cup футболдук турниринин жүрүшүндө Эфиопиядан келген команданын 20 өкүлү дайынсыз жоголду.

Полициянын маалыматына ылайык, бул адамдар өлкөдө мыйзамсыз калуу максатында атайын жашырынып жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу The Local басылмасы жазды.

Быйылкы турнирге дүйнөнүн 77 өлкөсүнөн командалар катышкан, алардын арасында Эфиопиядан келген төрт команда да болгон.

Швециянын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, финалдык оюн өткөн күнү футболчулар жана аларды коштоп жүргөндөр жашап жаткан мектептин кызматкерлери аларды таппай калышкан.

Мелдештин уюштуруучулары бул тууралуу полицияга кабарлашкан. Бирок турнир аяктагандан кийин 10 күн өтсө да дайынсыз жоголгон адамдардын кайда экени азыркыга чейин белгисиз бойдон калууда.

Последние новости