www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда 10 альпинист дайынсыз болууда

Пакистандагы Броуд-Пик тоосунда кар көчкү түшүп, дүйнөгө белгилүү непалдык альпинист Нирмал Пурджа жетектеген 10 адамдан турган эл аралык топ дайынсыз болууда. Бул тууралуу Himalayan Times басылмасы Пакистандын Альпинизм клубуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкү альпинисттер бир лагерьден экинчисине өтүп бара жаткан учурда түшкөн. Топтун курамында Непалдын алты жараны, ошондой эле Пакистан, Оман, Кытай жана АКШнын өкүлдөрү болгон.

Учурда альпинисттер менен байланыш үзүлгөн. Бирок топтун жетекчиси Нирмал Пурджанын GPS-трекери иштеп жаткандыктан, анын жайгашкан жери кар көчкүдөн кийин да өзгөрүп турганы аныкталган.

Пакистандын бийлиги издөө-куткаруу иштерине тик учактарды тартууну пландоодо.

Нирмал Пурджа дүйнөдөгү эң белгилүү бийик тоо альпинисттеринин бири. Ал 57 жолу сегиз миң метрден бийик чокуларды багындырган, анын 29ун кошумча кычкылтексиз чыккан. 2019-жылы ал дүйнөдөгү 14 сегиз миңдик чокуну алты айдын ичинде багындырып, дүйнөлүк рекорд койгон.

Последние новости