www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык жазуучу, "Форрест Гамп" китебинин автору Уинстон Грум 77 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Алабама штатындагы Фэрхоп шаарынын мэри Кэрин Уилсон өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Биздин досубуз Уинстон Грум бул дүйнө менен кош айтышты. Фэрхоп шаары бүгүн легендарлуу авторун жоготту", — деди мэр.

"Форрест Гамп" романы 1986-жылы жазылган. Ага тасма тартылгандан кийин алты ирет "Оскар" алган. Китепте акыл-эсинен артта калган адамдын өзүнүн жашоосу тууралуу айтып бергени жазылган. 1995-жылы Грум "Гамп жана компания" деген китептин уландысын жазган. Бирок ага дагы тасма тартуу аракетинен майнап чыккан эмес. Грум Форрест Гамп жөнүндөгү романдарынан сырткары, нон-фикшн жанрындагы бир нече чыгармаларын жазган.

It is with great sadness that I share the passing of our dear friend Winston Groom. The City of Fairhope has lost an...

Опубликовано Mayor Karin Wilson of Fairhope, Alabama Четверг, 17 сентября 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости