www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасы Бакир Таиров Коопсуздук кеңешинин 17-сентябрдагы жыйынында бажы тармагындагы чоң коррупциялык схеманын бети ачылганын билдирди.

Анын айтымында, бажы кызматкерлери "Айхан" деп аталган фирма менен алдын ала сүйлөшүп, Кытайдан кирген товарлардан бажы төлөм алган эмес. Андан мамлекеттин казынасына 61 миллион сом зыян келтирилген.

Таиров бул акчанын 55 миллиону мамлекетке кайтарылганын, 15 адам жоопко тартылганын айтты. Бажы кызматынын мурунку төрагасы тергөөгө келүүдөн баш тартып жашынып жүргөн учурда Азербайжандан алып келингенин, иш азыр соттун кароосунда экенин айтты.

Ошондой эле Таиров бажы тармагындагы дагы бир коррупциянын бети ачылганын, Түндүк-Чыгыш бажысынын жетекчилиги жана кызматкерлери жеке фирмалар менен алдын ала сүйлөшүп алып, бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө жасалма квитанцияларды колдонуу менен Кытайдан ташылган товарларды каттаганын маалымдады. Мындай көрүнүштөн казына 91 миллион сомдон ашык зыян тартканын, 17 адам, анын ичинде бажы кызматынын жооптуу адамдары жоопко тартылганын, иш сотто экенин белгиледи.

Бакир Таиров сөз кылган Бажы кызматынын издөөдө жүргөн мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов 2018-жылы Азербайжандын борбору Бакудан кармалып, өлкөгө экстрадиция болгон.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын жарымына карата элдин ишениминин деңгээли боюнча иликтөөсүндө сурамжылоого катышкандардын көбү Мамлекеттик бажы кызматын "эң коррупциялашкан мекеме" деп эсептей турганы айтылган

Булак: NazarNews.kg

Последние новости