www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы модель Эми Доррис АКШнын президенти Дональд Трампты сексуалдык зомбулукка айыптады. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды. Бул тууралуу “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” билдирди.

Дорристин айтымында, окуя 1997-жылы Нью-Йоркто өткөн АКШнын теннис боюнча ачык чемпионатында болгон. Ал жерде ошол кезде ишкерлик кылган Трамп менен жолугуп, иш-чарадан кийин ал аны кучактап, ыдык көрсөткөн.

Өз кезегинде президенттин адвокаттары бул дооматты четке кагышты. Алар мурунку моделдин айыптоосу президенттик шайлоонун алдында чыгып жатканын белгилеп, анда саясий негиз болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

Доррис президент Трампты жыныстык ыдык көрсөтүүгө айыптагандардын алгачкысы эмес. Мурдагы президенттик шайлоодо Трамптын каалаган аялды кармалай аларын айтып мактанганы жазылган аудио тасма чыгып кеткен. Трамп ал сөздөрү үчүн кечирим сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости