www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбуктун Шылуундар тайпасында Екатерина Великанова аттуу айым төмөндөгүдөй маанидеги билдирүү калтырган.

Айтымында, бул айымдын эжеси пенсионер. 17-октябрь күнү ага таандык, мамлекеттик номуру 01KG213AFQ Honda Jazz унаасын Курбанбаев Белек аттуу адамга келишимдин негизинде ижарага берген. Бирок ушул күнгө чейин Белектен, унаадан, акчадан дагы дайын жок. Агасы анын үйүнө барганда ал жерде мындай адам жашабагандыгы маалым болгон. Кийин телефонун өчүрүп дагы салгандыктан, анын келинчегин тапканга аракет көрүлгөн. Табылган, бирок ал пенсионер менен сүйлөшүүдөн качып, алар жазган каттарды өчүрүп салууда.

Екатеринанын айтымында, алар 26-октябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине арыз менен кайрылышкан.

- “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Пенсионер эжебиз оорулуу адам, пенсиясы айына 3800 сом. Буга чейин тыйындап чогултуп келген акчасына аталган унааны алып, аны ижарага берип, түшкөн акчага дары-дармек алып турууну көздөгөн, –дейт Екатерина Великанова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости