www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муну айта албайбыз. Бирок саясат таануучу Кайрат Осмоналиев президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен коррупционерлерден кайтарылган акчаларды топтоо үчүн ачылган атайын эсептеги акчалар максатсыз жумшалып жатышы ыктымалдыгын айтып чыкты. Бул маалымат тууралуу "Майдан.kg" гезити 6-ноябрда чыккан санында жазып чыкты. 

Анын айтымында, атайын эсепти ачуу идеясы эң туура болгон. Бирок эсепке түшкөн акчалардын жумшалуусу ачык көрсөтүлүп, аны жарандар билип, кабардар болуп турушу керек. Каржылык кылмыштардын негизинде кымырылган каражаттар конкреттүү муктаждыктарга, максаттуу жумшалып жатканын элге көрсөтүү зарыл. Мындай тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бар.

Эсептеги акчанын ачыкташ үчүн серепчи атайын сайтты ишке киргизүүнү сунуш кылды. Ошондо жарандар сайтка кирип, онлайн режиминде мамлекеттен уурдалган акчалардын каякка которулуп, эмнелерге жумшалып жатканын билип турушмак. Бул биринчиден, акчанын максатсыз жумшалуусун алдын алса, экинчиден элдин Өкмөткө болгон ишеничин арттырмак.

Кайрат мырзанын айтканына кошулбай коюуга болбойт го. Болбосо, коррупционерлерден “кустурулган” акчалар кайра эле уурдалып, кимдир бирөөлөрдүн, капчыгына кетпей жатат дегенге ким кепилдик бере алат?

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости