www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анда атамекенчилер ал жерде орнотулган кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн эстеликтерине аяр жана сый мамиле жасабай үн күчөткүч аппараттарын түз эле кыргыздын улуу саясый ишмерлеринин эстеликтерине – мемориалдык комплекске орнотуп алышкан. Атайын өстүрүлгөн көк шиберди бузуп, талкалашкан.
Ал көк шиберди “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери багып өстүрүшөт. Ал эми атамекенчилер ошол көк шибердин үстүнө техникалык каражаттарды: LED-экран орнотушкан.
Бишкек мэриясынын Биринчи май району боюнча санитардык-экологиялык инспекциясы “Ата-Мекен” партиясы тарабынан шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактысын аныктады. Мыйзамга ылайык протокол түзүлүп, айыптууларга 13000 сом айыппул салынды.
Булак: NazarNews.kg