www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында жугуштуу илдеттер боюнча 35 орундуу жаңы госпиталь пайдаланууга берилди, анын 25и интенсивдүү терапия палаталары болуп саналат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Облустук оорукананын директору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, бөлүмдү оңдоп-түзөө иштери толук бүткөн.

"Азыркы убакта облустук бириктирилген ооруканада коронавирус инфекциясы менен ооруган жана этиологиясы такталбаган илдетке чалдыккан бейтаптарды кабыл алуу үчүн 90 керебет бар. Жаңы жугуштуу госпиталда дагы кошумча 35 орундук болот. Даярдык иштери толук жүрүп, түнкүсүн да иштеп, жакынкы күндөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн госпиталда бейтаптарды кабыл алууну баштайбыз"", — деди Сагынбаев. 

Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түшкөн.

Директор өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары, керебет мониторлору, көп функционалдуу керебеттер, кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда экендигин айтты.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости