www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик, ведомстволор, мамлекеттик ишкана-мекемелер иштебейт, иштеген түр көрсөтөт десек таарынгандар көп. Бирок, эл үнүн тиешелүү жерге жеткирүү биздин, журналисттердин милдети.

Төмөндө ушундай көйгөйү менен жардам сурап, чечилбей жаткан маселесин социалдык тармактарга жайгаштырган жарандын билдирүүсү. Ал билдирүү эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине багытталган. Негизи анын жетекчиси Улукбек Кочкоров. Ага бул жарандын көйгөйү жетеби же жокпу? Убакыт көрсөтөт.

- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги! Булардын ишмердүүлүгүн кандай бааласак болот? Бюрократиялык мафиябы, аферабы, сабатсыздыкпы, кайдигерлик-шалаакылыкпы же жөн гана техникалык катачылыкпы? Эгер катачылык болгондо да одоно шалаакылык деп сыпаттасак болчудай. Эмесе сөз башынан болсун. Аталган ведомствого карындашым балдарына пособие үчүн документ тапшырмакка барса, 2 жүк ташуучу фураңар бар экен, силерге пособие берилбейт деп кайтарышыптыр. 2 эмес, бир дагы фурасы жок. Фуранын ээлери дагы дайынсыз. Бул кандай, эмне деген бейтартипсиз, баш-аламандык өлкөдө жашап атабыз? Короодо 21-кылым. Электрондук система, бирдиктүү база деп эле иштемиш болосуңар, жыйынтыгы момундай. Эмне үчүн? Суроолор көп. Айылда жашап аткан адамдар мындай маселени кайдан чечет дагы, колдорунан эмне келет? Демек бул атайын уюштурулган афералар болушу мүмкүн. Унаалардын катталган даталарына көңүл бөлсөк, жакында гана, бир ай боло элек. Эгер чын эле 2 фура катталган болсо, анда ушул жерден ГРСке да суроо пайда болот. Кандай жол менен, үй ээсинин уруксаты жок жана документтерисиз чоочун бирөө эле бирөөнүн үйүнө сырттан туруп унааларын каттатып коё алат?! Бул деген өтө оор маселе, кылмыш иштеринин издери даана көрүнүп турат. Ошондуктан тийиштүү ведомстволор буга сөзсүз жооп берүүсү зарыл!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости