www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстан туризмдин мекени, экинчи Швейцария” – деп убагында оозду көптүргөнбүз. Сөз жок, жаратылыштын сулуулугу, ажайып кооздугун жараткан өзү эле жаратпаса башка эч кимдин колунан келбейт. Бирок, сервисти ким куруш керек эле? Ким даараткана, эс алуу жайларындагы тейлөөнүн сапатын жеткиликтүү деңгээлге жеткирүүгө милдеттендирилген, жоопкерчелигин алган? Аны дагы жаратканбы?
Негизи, биздин жетекчилер “Кудай буюрса” – деген сөздү көп колдонот, бирок буюрбай жатпайбы негедир? Анда “кудайлап” отура бербей кыймылдашыбыз керекпи? ФУГИ ушундай мамлекеттик мекеме-ишканаларды кармап эмне отурат? Ичиң күйөт тимеле... Жакында эл өкүлү Элвира Сурабалдиева ушундай бир мамлекеттик мекеме жайларга барып келиптир. Жогоруда анын текстин толук жана өзгөртүүсүз беребиз.
- Комитеттин мамлекет национализация кылып алган “Золотые пески”, “Рохат”, “Дилором”, “Витязь” пансионаттарынын акыбалын көрүп, аябай ачуубуз келди, мынчалык шалаакылык мамиле кылган жетекчилерден пайдасы эмнеде? Он жыл мурда дүңгүрөгөн пансинаттардын түбүнө жетип, акыры кемирип бүттүк. Салык-минус. Биз барсак, жергиликтүү тургундар келишип, жумушсуз калгандарын, айлык акысындагы карыздарын ала албаганына арызданышты. Инвесторду алып келгилечи деген суранычтар болду, бирок бул пансионаттарды бир нече жылдан бери жыргатпаган мамлекет, иштетем деген инвесторго тапшырбаса, киреше күткөн бюджет да, жергиликтүү калк да жалдырап бүтөт окшойт. Эмне кылабыз деген суроо ачык турат, сатууга каршы болгон кезибизде да, он жылдап пансионатты өнүктүрбөгөн өкмөттүн мүлк ишканалары бюджетти да, жергиликтүү калкты да жумуш бербегенинен жыргатышпай отурушат.
Булак: NazarNews.kg