www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик угуу учурунда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев бүгүнкү күндө Кыргызстандын улуттук экономикасы оор абалга душаар болуп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, өлкөнүн ички дүӊ продукциясын (ИДП) өндүрүүнүн көлөмү 2019-жылы 604 млрд сомго белгиленген. Азыр 600 млрд сомго болжолдонууда. Демек, 3,9 млрд сомга азайып жаткандыгы, анын натыйжасында салык жана бажы алымдарын топтоо боюнча 2019-жылга белгиленген бюджеттин кирешелеринин көлөмү бир топ суммага аз болуусу күтүлүп жатат. Өкмөт ИДПнын реалдуу өсүү темпин 4 пайызга жеткиребиз деп бюджетти сунуштаган. Бирок, тилекке каршы, бул көрсөткүчтү аткаруу да оор.

Комитет төрагасы Э.Токтошев өлкө бюджетине тиешелүү негизги үч багытка токтолду. Биринчиси, өлкө Бажы биримдигине киргени менен анын бюджетке таасири билинбей жатат. Азырынча, аталган биримдикке кирген өлкөлөр менен көп мамилелер аныкталашы керек. Экинчиден, валюталар рыногунда болуп жаткан көрүнүштөр элге социалдык оорчулукту жаратууда. Үчүнчүдөн, өлкөнүн карызы ИДПга салыштырганда 51,6 пайыз болгону менен аларды төлөөгө каралган каражаттын көлөмү көбөйгөн. Комитет төрагасы буга бир катар сандык мисалдарды келтирип, ички, тышкы карыздарды тейлөөгө 28,8 млрд сом сарпталаарын айтты. Э.Токтошевдин белгилөөсүндө, 2021-жылы 34,7 млрд сом, 2022-жылы 37 млрд сом карыз төлөнүшү керек. «Демек, 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси болуучу 169,2 млрд сомдун 21,9 пайызын мамлекеттик карыздарды кайтаруу менен пайыздарына төлөө бюджетке абдан оор болот»,- дейт Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Э.Токтошев. Мындан улам ал Өкмөттүн алдында карыздарды төлөөнү азайтуу багытында атайын иш-чараларды иштеп чыгуу милдети тургандыгын, мамлекетке алынуучу кредиттерге чектөө киргизүү туура болоорун баса белгиледи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости