www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берилген электр энергиянын сапатын жакшырлатуу жана ашыкча жүктөм менен иштеген трансформатордук көмөкчордондордун жүктөмүн азайтуу максатында«Северэлектро» ААК Бишкек шаарына жана Чүй, Талас облустарына кошумча трансформатордук көмөкчордондорду орнотууда.

Бул жумада Бишкек шаарынын Элебесов/Васильев көчөлөрүнүн кесилишине ар бири 630 кВА кубаттуулуктагы эки трансформаторлуу шаардык типтеги кошумча трансформатордук көмөкчордон орнотушту. “Эски бетон корпусундагы трансформатордук көмөкчордон 1952-жылдан баштап иштеп келген жана Васильев, Элебесов, Маяковский, Фирсов көчөлөрү менен чектелген чарчыдагы керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздаган. Жабдуулардын эскилигинин жана ашкыча жүктөмдүн  кесепетинен бул участокто электр энергиянын өчүшү көп катталчы. Эми жаңы трансформатордук көмөкчордондун ишке киргизилиши менен берилген электр энергиянын сапаты жакшырат”,-деп Чыгыш райондук электр тармагынын Түндүк участогунун улук устаты Алтынбек Бейшалиев билдирди.

Жалпысынан 2018-жылдын оңдоо иш-чараларынын чегинде акционердик коом 43 кошумча трансформатордук көмөкчордондорду орнотууну мерчемдөөдө, анын ичинен:

  • Бишкек шаарына-4;
  • Чүй облусуна-24;
  • Талас облусуна-15

11-сентябрга «Северэлектро» ААК боюнча 33 трансформатордук көмөкчордон орнотулду: Чүй облусуна-22, Талас облусуна-10 жана Бишкек шаарына -1

«Северэлектро» ААК басма сөз кызматы

Website: se.kg

www.facebook.com/ОАО «Северэлектро»

Одноклассники: https://ok.ru/oao.severelektro

YouTube: распредкомпанияСеверэлектро

E-mail: [email protected]

Tel:  +996 33 85 97

Fax: +996 33 87 38

Булак: NazarNews.kg

Последние новости