www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркестан облусунун акими Рашид Аюпов жана анын орун басары Улан Тажибаев бир нече саат шаар ичинде майыптардын коляскасы менен жүрүштү. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аткаминерлер бир нече саат майыптардын коляскасына отуруп алып шаар ичин кыдырышкан. Ушундай жол менен алар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар күнүгө кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрөрүн билели дешкен. 

“Коляска менен жүргөндө асфальттын ар бир жаракасы, бурчтун даражасы жана керек болсо кийип жүргөн курткаңдын узундугу да эске алынат экен. Майып адамдар көпчүлүк жерге бара албайт. Куруучулар жана дизайнерлерди майып коляскасына отургузуп алып, дааратканаларга алып барып, босоголордон өткөзүп көрүш керек. Ошондо алар эмнени куруп, ойлоп таап жатышканын түшүнөт”,-дейт Рашид Аюпов.

Ал Түркстанда жана Түркестан облусунда жайлуу коомдук шарттарды түзүш керектигин белгилеген.
Ушул сыяктуу жолдор менен элдин көйгөйүн билүү биздин аткаминерлердин оюна үч уктаса да келбесе керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости