www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-ноябрда Түркиянын баш калаасында соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөт аралык комиссиясынын IX жыйыны болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Ага Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышты. Анда саламаттык сактоо, билим берүү жана ветеринария чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүгө багытталган 76 пункттан турган планга кол коюлду.

Эске салсак, Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөөрүн президент Сооронбай Жээнбеков сентябрда кыргыз-түрк ишкерлеринин Бишкектеги форумунда билдирген.

 Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү учурда 400 миллион долларды түзөт. 2018-жылы Түркиядан Кыргызстанга 93 миллион доллар инвестиция келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости