www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 7-апрель элдик революция күнүнө карата «Апрель баатырлары унутулбайт» аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Апрель элдик революциясынын баатырлары, коомдук-маданий ишмерлер жана жалпы коомчулук катышты.

Иш-чараны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып, 2010-жылы болгон Апрель элдик революциясынын мүдөөсү, андагы мекендештерибиздин кыйылган өмүрү жана бул күндүн тарыхтагы орду тууралуу кайрылуу жасап, Апрель баатырлары унутулбай тургандыгын кошумчалады.

Иш-чаранын алкагында поэзия мүнөттөрү, атуулдук ырлар ырдалды.

Саамалык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости