www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рамазан айында намаз окуунун шарттары

Сауд Арабиясы, Рамазан айында Меккедеги Харам мечитинде коронавируска каршы эмделгендер же айыккандар гана умра кылып, намаз окуй алышат деп жарыялады.

Сауд Арабиясынын расмий маалымат агенттиги SPAга караганда, Ажылык жана Умра министрлигинин өкүлү эпидемияга каршы күрөшүү үчүн коргоочу чаралардын көрүлгөнүн билдирди.

Бул өкүл, Рамазан айында Каабада мүмкүн болгон чекте, эмдөөдөн өткөн же COVID-19дан айыккандарга гана умра кылууга жана намаз окууга уруксат берилерин айтты.

Сауд Арабиясы Рамазан айында Меккедеги Харам мечитинде жана Мединадагы Масжид-ан-Набавиде жума жана таравих намаздары окула тургандыгын, өлкөдөгү берки мечиттердин да эпидемиялык чараларды эске алуу менен ачык болоорун жарыялады.

Өткөн жылы таравих намаздары Хареми Шариф жана Масжид аль-Набавиде жамаатсыз окула тургандыгы билдирилген эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости