www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 27 жаштагы кызды ала качып кетип, эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу бир тууган иниси кечээ, 6- апрелде NazarNews маалымат агенттигине кайрылышкан. 

--"Эжемди Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдап кетишти. Анда үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Милицияга кайрылдык эч кандай жыйынтык чыкпады. 2 күн болду, дайыны жок! Суранам жардам бергилечи! Балким элдер көргөндүр. Эгерде кимде ким көргөн болсо милицияга кайрылсын", - дейт окурман. 

Бул боюнча Биринчи Май райондук милициясынын маалымат кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

--"5-апрель күнү саат 07:30 чамасында 102 кызматына Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч белгисиз жаран кыз ала качып кетишти деген маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барып, маалыматты тактаганда 3 белгисиз адам 1994-жылы К.А. аттуу кызды Хонда унаасына салып, белгисиз тарапка кетишкени белгилүү болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене "никеге туруу максатында адам уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда кыздын жана аны ала качты делген жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости