www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мен ачык айта алам турак-жай запкысын тартып, ой-санаасы бир жерде болбогон мугалим толук кандуу сабак өтүүсү кыйын», - деди бүгүн, 7-апрелде NazarNews маалымат агенттигине №4 Коксал Топтан орто мектебинин англис тил мугалими Максат Маразаев.
Анын айтымында, азыркы учурга чейин мугалимдердин турак-жай маселеси кыйнап келет.
«Сталин айткандай «кадрлар баарын чечет» демекчи ошол кадрларды даярдаган кимдер?
Албетте, чоң тамга менен жазууга татыктуу мугалимдер! Азыркы учурда мугалимдердин социалдык абалы жакшыбы? Канааттандырабы? Келгиле ушуга токтололу: Ооба, жыл сайын мугалимдердин айлыгына кошулуп келе жатканын мен тана албайм. Эми ошол маяна менен чет жерде иштеп жүргөн мугалимдерди кайрадан билим уясына, мектептерибизге тарта алабызбы?
Менимче, азырынча толук кандуу тарта албайбыз. Себеби, учурдун көйгөйлүү турак-жай маселеси аларды дагы да кыйнап келет. Мен ачык айта алам турак-жай запкысын тартып, ой-санаасы бир жерде болбогон мугалим толук кандуу сабак өтүүсү кыйын. Ошонун айынан жаш мугалимдерибиз, айрыкча агайлар, үй ээси катары үй-жай куруу максатында иштеген ишин, мугалимдик кесибин таштап чет жакта иштеп жүрүшөт. Алардын максаты кыйналып иштешсе да, өз алдынча турак-жайга жетишүү! «Квартирант» болуп же ата-эненин мойнуна жүк болуп, бир үйдө эки-үч бир тууган, келиндер менен жашоо өтө эле оор.
Эгерде баштапкы пайызсыз, женилдетилген, көп жылдык, мугалимдерди турак-жай менен камсыздоочу социалдык программа иштелип чыкса жакшы болмок! Мен ойлойм доорубуздун Дүйшөндөрү кайрадан өз мекенинде, өз кесибине кайтышмак. А бул программа менен Өкмөтүбүз билим берүү тармагынын деңгээлин бир кыйла көтөрүп коймок!», - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg