www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө багытталган иш-чараларды каржылоо тууралуу» кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө Өкмөттүн пенсияларды төлөө боюнча бардык милдеттенмелери жабылды. Бул маселе боюнча бизде тобокелдиктер жок. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы декабрь айы үчүн камсыздоо төлөмдөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу үчүн бардык чараларды кабыл алуусу зарыл», - деп билдирди Артем Новиков. 

Мындан тышкары, ал белгилегендей, Өкмөттүн тышкы карызды төлөө боюнча бардык милдетенмелери аткарылат. 

Бюджеттин киреше бөлүгү үчүн жооп берген мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылдын декабрь айына карай пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын бизнеске басым жасабастан камсыздоо тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости