www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Faсebook" социалдык тармагына А.Арстанбекова аттуу жаран тарабынан чыгарылган видео публикацияда окуя жалпысынан айтылып, бирок мааниси атайын бурмаланып даярдалып чагылдырылган. Айрым тергөө аракеттерин жана иштин жагдайларын билбей туруп туура эмес деп белгилеп, "такталып суралган эмес, акча алып ишти туура эмес тергеген" деген сөздөрү чындыкка дал келбегендигин баса белгилейбиз. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы маалымдады.
"2020-жылдын 8-август күнү саат 17:40 чамасында Жумгал РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну А.Т. телефон аркылуу Куйручук айылынын тургуну А.К. аялын өлтүрүп салыптыр деп билдирген. Аталган билдирүү Жумгал РИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге барган учурда 1986-жылы туулган Т.Внын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө маркум Т.Внын жансыз денесинде курч нерседен сайылган 4 даана жаракаттары бар экендиги аныкталган. Ошондой эле, маркум Нарын районунун тургуну экендиги такталган.
Ал эми жолдошу Жумгал районунун тургуну 1984-жылы туулган А.П. үйүнүн сырткы бир бөлмөсүндө денесинде алган жаракаттарынын айынын, эс-учу танган жеринен табылып, Жумгал райондук ооруканасына жаткырылып, операцияга киргизилген.
Бул факты боюнча Жумгал РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренси (адам өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүп келип, кылмыш А.П. тарабынан жасалгандыгы аныкталган. Ошондой эле комиссиялык соттук-психологиялык жана психиатриялык экспертизасынын корутундуларына ылайык А.П. жеңил түрүндөгү акыл-эси артта калып, жүрүм-турум бузулгандыктан жана психикалык оорусу болгондуктан кылмыш жасоодо толук кандуу өзүнүн кыймыл-аракетине маани берип жана жетекчилик кылууга мүмкүнчүлүгү жок экендиги аныкталган. КР ЖКнин 117-беренесинин 3- бөлүгүн колдонуу сунушталгандыгын эске алуу менен тергөө аракеттерин аяктап, иштин материалдары менен тааныштырууда А.Пнын мыйзамдуу өкүлү, бир тууган агасы Т.А. жана жактоочусу бир нече жолу телефон аркылуу жана кат түрүндө жиберилген чакырууларга келбей коюшкандыктан, иштин тергөө мөөнөтү узартылган.
2020-жылдын 11-ноябрь күнү жогорудагы аталган сотко чейинки өндүрүш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан көзөмөл ирээтинде окулуп чыгып, мындан аркы тергөө аракеттерин жүргүзүү жагын Нарынга ОИИБнын тергөө кызматына тапшырган.
Бул иш боюнча Нарын ОИИБнын тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, Нарын облустук прокуратурасына жиберилип, жыйынтыгы менен соттун кароосуна жиберилген.
Шектүү А.П. кылган күнөөсү күбөлөрдүн, эксперттердин көрсөтмөлөрү жана тергөө амалдарынын жыйынтыктары менен толук далилденет.
Ал эми, Алтынай Арстанбекова аттуу жаран иш боюнча толук маалымат билбей туруп, жеке эле милиция кызматкерлерин эмес жалпы укук коргоо органдарын коомчулуктун алдында терс жагынан көрсөтүү аракеттерин жасап жаткандыгы байкалууда",- дейт Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg