www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кийинки жумуда өз ыктыяры менен аталган кызматын тапшырат. Бул тууралуу «Медиа центр» мультимедиалык-маалымат агенттигинин өздүк булагы билдирди.
Парламенттин вице-спикери Мирлан Бакировго каршы депутаттар кол топтоп, аны кызматтан алуу аракети башталганы буга чейин кабарланган. Муну бир катар эл өкүлдөрү да ырастаган эле. Биздин ишенимдүү булактар кабарлагандай, Бакировдун ордуна Исмаилов Улан Чекишевичтин талапкерлиги каралып жатыптыр. Ысык-Көл районунун Темировка айылында 1967-жылы туулган Улан Исмаилов «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат. Ал ушул жылдын август айында мандат алган.
Дагы бир вице-спикер Аида Касымалиеванын ордуна Гүлкан Молдобекованын талапкерлиги каралып жатканы буга чейин айтылган.
Эске салсак, буга чейин Аида Касымалиеванын кызматтан кетүүсү боюнча маалымат тараган жана аны бир топ депутаттар тастыктаган. Анын ордуна учурдагы ЖК депутаты Гүлкан Молдобекова келээри айтылган.
Булак: NazarNews.kg