ФОТОРЕПОРТАЖ - Өкмөт башчы ишкерлер менен биргеликте көчөттөрдү отургузушту
Расмий кабарлар | шаршемби, 07 апр 2021 14:44:23 | 1244Бизнес менен өнөктөштүк жана өз-ара пайдалуу мамиле түзүү өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Бул туурасында премьер-министри Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы сейил бактардын биринде бизнес жана IT—компания өкүлдөрү менен биргеликте өткөн дарак отургузуу иш-чарасында билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппараты тарабынан ишкердүүлүктү колдоого алуу иретинде уюштурулду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.