www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ар бир адис экономиканы жакшы өздөштүрүү керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

--“Менимче 30 жылдан бери азыркы өкмөт башчы 34 жолу болуп жатат. Алардын баары эле бир жылга жетпеген убакытта иштеп жатышат. Бир жылда эч нерсеге жетишпейт. Ал аралыкта программаларын ойлонуп, алек болгуча эле убакыт өтүп кетет. Бирок буларды эле күнөөлөгөндүн кереги жок. Ар бир адамдын аң сезимине жараша болот. Себеби, мен министр же жетекчи болсо кыйратмакмын дешет. Жок, ошол ишти аягына чыгарып кетемби деген ой болуш керек. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн деңгээлин өстүрүү зарыл. Мурда бир сот айтып жатат, мен азыр билбейм сот болсом үйрөнүп, иштеп кетем да дейт. Бул абдан жаман көрүнүш. Эмнеге алар сот болгонго чейин үйрөнүп анан келишпейт. Бир жагынан алганда тажрыйбасыз адамдардын шалаакылыгынан экономика түшүп жатат. Негизи Кыргызстан кичинекей өлкө болгону менен абдан экономиканы өнүктүрүүгө ыңгайлуу жер. Андыктан баарыбыз жетекчи болууну самабай, аң-сезимди оңдоп, тажрыйба топтоп, анан талпыналы. Мисалы, баардыгы экономикага байланыштуу, ошондуктан ар бир тармактын адистери бул экономиканы жакшы өздөштүрүшү зарыл”, - дейт Сарыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости