www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун бир туугандары, үй-бүлөөсү Ак үйдун алдына тынчтык митингине чыгышты. Экс-депутаттын жубайы Айгүл Жапарова, “менин жолдошум кылмышкер эмес. Үй-бүлөөбүзгө учурда бийлик абдан азапка коюп жарга такап салды. Мен коомчулуктун жардамына муктажмын. Жолдошума карасанатайлык кылбаңыздар. Мага жардам бериңиздер. Садыр жапаровду мага жолуктурбай жатышат. Садырдын коопсуздугун жана камакта жаткан 12 баланын сактап, тыкыр көзөмөл кылып бериңиздер. Урматтуу президент сиздин да башыңыздан өткөн оор абал, биздин да башыбыздан өтүп жатат. Сураныч мыйзам түрүндө иш алып барыңыздар, - деди.

Эске сала кетсек, 25-март күнү чет жакта жүргөн Садыр Жапаровду чек арадан УКМК кызматкерлери кармап кеткенден кийин, СИЗО-1 тергөө абагына камакка алынган.

Садыр Жапаров, 2-апрель күнү моюндун күрөө тамыры жана сол колунун кан тамырлары кесилип оор абалда ооруканага түшкөн. Жактоочулардын айтымына караганда абалы учурда жакшы.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости