www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франция коронавирус жуктурган бардык бейтаптарын айыктырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Верандын айтканына таянып жазып чыкты.
Маалыматка караганда, өлкөдө буга чейин коронавирус диагнозу чыккан 12 учур катталып, бир адам көз жумган. Калган бейтаптардын бардыгы бул дарттан арылган.
"Франциянын аймагында бул дарт менен ооругандар жок. Вирус эми тарабайт. Лиондо акыркы бейтап дарыланып чыкты", — деп билдирди Оливье Веран.
Эске сала кетсек, акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө боюнча вирустан 2663 киши көз жумуп, жуктургандардын саны 80 миңге чукулдады. Ошол эле учурда 27 миңден ашуун адам ооруканадан дарыланып, айыгып чыккан.
Булак: NazarNews.kg