www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өтүп бара жаткан аптада Улуу Британия, АКШ жана Австралия коргонуу жана коопсуздук боюнча AUKUS уюмунун түзүлгөнүн жар салышты. Мындан улам Австралия Франция менен суу алдындагы кемелер боюнча келишимди токтото турганын билдирди.

Франция Канберра менен суу алдындагы кемелер боюнча келишими жокко чыгарылганына байланыштуу тарыхта биринчи жолу АКШ жана Австралиядагы элчилерин консультация үчүн чакыртып алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Өтүп бара жаткан аптада Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, АКШ президенти Жо Байден жана Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон коргонуу жана коопсуздук боюнча AUKUS уюмунун түзүлгөнүн жар салышты. Мындан улам Австралия Франция менен суу алдындагы кемелер боюнча келишимди токтото турганын билдирди.

56 миллиард еврого бааланган бул келишимдин алкагында Barracuda классындагы 12 сокку уруучу суу алдында жүрчү кеме курулмак. Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Австралиянын бул кадамын "далыга бычак саюу" катары баалап жатат. Ошондой эле Франция Канберра менен Вашингтондон расмий түшүндүрмө күтүүдө.

Австралиянын тышкы иштер министри Марис Пейн Франция өз элчисин консультация үчүн чакыртып алганын өкүнүү менен кабыл алганын билдирди.

"Франция биздин чечимди оор кабыл алганы түшүнүктүү. Бирок биз алар менен мамилебизге чоң маани беребиз. Бул өлкө менен башка маселелер боюнча тил табыша алабыз деп ишенем", — деди Пейн.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эмили Хорн Франциянын өз элчисин чакыртып алышы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, АКШ эч бир жагдайга карабай Францияны өзүнүн эң туруктуу өнөктөшү деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости