www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев камакта калтырылды

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта ал тергөө бүткөнгө чейин абакта болору айтылат. Баш коргоо чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан тандалган.

Атайын кызмат Оторбаевди "Кумтөр" кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 16-августта кармаган. Ал Кумтөр Голд Компанинин (Центерра Голд Инк.) кызыкчылыгы үчүн буйрук чыгарып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдугун берген деп айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости