www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөрдүн» мурда казылып алынган алтындары элге сөзсүз кайтышы керек!», - деди бүгүн, 18-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, ЖоомартОторбаев «Кумтөр» боюнча чындыкты айтат, сыр катпайт деп ишеним артсак болобу?

- «Кумтөр» кени кыргыздын башына үйүлгөн бир кырсык болду го! Албетте, биз кыргыздар өзүбүз күнөөлүбүз. Союз тарагандан баштап эле, күнү-түнү ак иштеп адам акылын колдонуп, дүңгүрөп иштеп жаткан өнөр жайыбызды, айыл-чарбабызды сактап калып, андан ары өрчүтүп, кичинекей эле өлкөбүздү эң бийик даражага чыгарып, гүлдөтүп алмак колубуздан келет болчу.

А биздин ошол кездеги алаңгазар башчыларыбыз эмне кылышты? Чарбаны талкалап, ит бекер сатып жибергендери аз келгенсип, ошондо эле чоң күмөн жараткан псевдодолбоорлорду күргүштөтүп киргизе башташты.

Андай афёранын сап башында Сиз суроо берген «Кумтөр» алтын кенинин кокуй күнү турат. Ошондон бери президенттер элдин башын айлантышып келишти. Жомоктогудай байлыкка туйтунушту. Казынага «Кумтөрдөн» түшкөн киреше жокко эсе болду. Баарын канадалык аферист «ишкерлер» ташып кетишти.

Биздин ар-намысы жок колунда бийлиги бар чоңдорго аз-аздан сөөк ыргытып турушту. Албетте, бул көрүнүшкө катышы бар чиновниктердин баарын кыргыз элинин чыккынчылары дешке толук акыбыз бар. Мына эми Садыр Жапаров кайраттуулук кылып шылуун канадалыктарды кууп чыгып, алтын кенди мамлекетке өткөрүп алуу аракетин баштады. Биз баарыбыз бул аракетти колдоп гана турушубуз керек.

Натыйжада, бир топ чоңдорго кылмыш иши козголду. Мындан аркысы биздин тергөө кызматтарынын адамдарынын жеке абийирлеринен көз каранды. Мисалы, болбогон эле айып пул төлөп кутулуп кеткендер дагы болууда. Эл азырынча түшүнүү менен карап, чыдамдуулук менен байкап турат.

Мен үчүн экс премьер-министр Жоомарт Отробаевдин кармалышы сюрприз болду. Ал абдан билимдүү адам. Окумуштуу-физик. Күчтүү мененджер. Эгерде ушундай адам дагы камалып жаткан болсо, демек тергөө иши алга жыла баштаган окшойт деп туралы. Бул жерде бир ой бар.

Эл арасында айтылып жүргөндөй Жоомарт мырза чыныгы ак ниет жана таза инсан болсо, тергөөчүгө өзү билип-байкап, бирок, конъюнктуралык себептер менен айта албай жүргөн чындыктарын ачык төгүп айтып берүүсү абзел. Ошондо гана анын жүзү элге жарык болот.

Ал эми кылымдык афёрага айланган «Кумтөр» ишинин анык жүзү кара оюнчуларынын беттери ачылат. Эгер ал адам дагы купуя сырды сактаган боюнча кала берсе, анда мындай кылмыш ишин жөн эле бир жасалма же элди алаксытма кадам турбайбы деп койгонубуз эле оң! Эми баары бир жакшылыктан үмүт этип туралы. «Кумтөрдүн» мурда казылып алынган алтындары элге сөзсүз кайтышы керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости