www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Садыр Жапаровдун ШКУда чек ара маселесин козгогону бүгүнкү күндүн талабы», - деди бүгүн, 18-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-губернатор Мамат Айбалаев.
- Мамат агай, президенттин 16-сентябрда ШКУнун саммитинде башка президенттерди безине сайгандай болоорун билсе да, кыргыз-тажик чек ара маселени кабыргасынан койгону орундуу болдубу?
- Президенттин чек ара маселесин чоң жыйында көтөргөнү, ортого салганы бүгүнкү күндүн талабы, өзгөчө кыргыз элинин, баткендиктердин талабы. Бирок, чек ара эки мамлекеттин проблемасы, орчундуу көйгөйү. Эгерде эки мамлекеттин бийлиги бул маселени чече алышпаса, анда Эл Аралык уюмдарга, биз мүчө болгон уюмдагы мамлекеттин жетекчилерине кайрылышыбыз керек.
- Бирок, президенттин чек ара маселесин чечейин деген аракетин да сындагандар чыга баштады го?
- Президенттин аракети бирөөгө жагат, бирөөгө жакпайт. Бүгүнкү абал, ситуация, коом ушундай. Бирок, кайда болбосун Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин, кыргыз жеринин кызыкчылыгы сакталышы керек!
Булак: NazarNews.kg