www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын Institut Montaigne аналитикалык борбору Париж менен Алжирдин мамилелерине арналган 80 беттик баяндама жарыялады. Документте Франциянын Алжирдеги экономикалык жана саясий таасири акыркы жылдары олуттуу төмөндөгөнү белгиленет.
Баяндамага ылайык, француз компанияларынын позициясы алсырап, Michelin Алжирден кеткен. Renault компаниясынын Орандагы заводу 2020-жылдан бери ишке кирбей турат. Ал эми алжирдик буудай рыногунда Франциянын үлүшү 80–90%дан 30%га түшүп, анын ордун Орусия ээлей баштаган.
2025-жылдагы кризистен улам болжол менен 600 француз экспорттоочу компаниясы банкрот болгону айтылат. Франциянын Алжирдеги инвестициясынын көлөмү 2,8 млрд евро түзөт.
Ошол эле учурда мурдагы элчи Амар Белани баяндамадагы сунуштарды сынга алып, Париж Алжирге карата мамилесин жумшартуунун ордуна экономикалык жана саясий басымды күчөтүүгө даярданып жатат деп эсептейт.