www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапыкеев президенттик жарышка аттанса эмне болот?..

Айтылуу оргу-баргы Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого талапкерлигин койсо, шайлоо өнөктүгүндө коомдун көңүлүн бура турган талапкерлердин бири болмок деген кызыгуу күч.

Чынында Жапыкеевдин коррупцияга каршы позициясы, түз сүйлөгөнү жана бийликти ачык сындаган образы коомду кайдыгер калтырбайт болчу. Эгер президенттик жарышка чыкса, коррупция, адилеттүүлүк, мамлекеттик башкаруу жана бийликтин жоопкерчилиги анын негизги темаларына айланышы мүмкүн. Ошондой эле анын мурда Садыр Жапаров менен саясий жактан жакын болгону, кийин сын пикирлерин ачык айта баштаган жоругу шайлоо өнөктүгүндө чоң талкуу жаратышы ыктымал.

Негизи Жапыкеевдин артыкчылыгы, элдин нааразычылыгын түз жана эмоциялуу тилде айта алгандыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Коом аны биринчи кезекте ушул образы аркылуу кабыл алат. Ал эми президенттик талапкер катары анын салмагы, программасы, команда жана конкреттүү саясий сунуштары менен өзүнчө өлчөнмөк.

Арийне, Жапыкеевдин жылдызы жанып, элге таанылган учуру 2020-жылдагы саясий окуялардан башталат. Сооронбай Жээнбеков алдындагы табагын тарттырып жиберген учурда Жапыкеев Садыр Жапаровду колдогон саясий күчтөрдүн катарында болуп, кийин Финансылык полицияны жетектеди. Бирок көп өтпөй ошол кездеги Кабинет министри болгон Акылбек Жапаров менен тирешип, натыйжада Финполиция жоюлуп, соогатка генерал-майор чини берилип, командадан сүрүлүп калды. Учурда ошондогу көз карашын кайталап, “Акылбек Жапаровду кустуруп жоопкерчилиликке тартыш керек” деп жүрөт. Шайлоого аттанса ушул теманы көзүр кылат го...

Албетте, президенттик жарышта коомдук популярдуулук менен жеңишке жетүүгө болбойт. Мамлекет башчылыгына талапкерден экономика, тышкы саясат, коопсуздук, энергетика, мамлекеттик башкаруу жана социалдык саясат боюнча так программа талап кылынат.

Демек, анын түз жана эмоционалдуу билдирүүлөрү коомдун бир бөлүгүнө жагышы мүмкүн, ошол эле учурда жалпы баарына жаккан колдоону камтый албайт. Ошентсе да шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө таасир эткен олуттуу саясий фигуралардан болушу толук ыктымал.

Последние новости