www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда дүйнөдө Европа мамлекеттерине жаратылыш газын Орусиядай узакка ташый турчу өлкө жок. Бул тууралуу Франциянын Monde diplomatique гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Норвегия, Нидерланд, Алжир жана башка мамлекеттер Европаны көгүлтүр от менен көпкө чейин камсыздай албайт.

Европа бул көйгөйдү Ливия аркылуу да чече албайт, себеби өлкөдө согуш жүрүп жатат. Ошондой эле Египет газ жөнөткүсү келген жок, анкени Орусия менен мамилесин бузгусу келбейт.

Нигерия жана Ангола өңдүү мамлекеттер Европадан алыс жайгашкандыктан жана жаратылыш газы анчейин кубаттуу болбогондуктан Орусиянын ордун баса албайт.

Monde diplomatique гезити АКШ кырдаалдан пайдаланып Европа өлкөлөрүнө газды ташуунун көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 1-апрелден тарта Орусия Европа өлкөлөрүнөн газдын акысын рубль менен ала баштаган. Импорттоочу "Газпромбанктан" атайын эсеп ачууга тийиш, ага келишимде көрсөтүлгөн валютада акча которот. Банк бул валютаны Москва биржасында сатат жана газды сатып алуучунун эсебине рублди чегерип берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости