www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм укук коргоо органдары мусулман жигиттердин сакалын мажбурлап кырдыртып жатканы жөнүндө маалыматтарды айыптады.

“Полиция эркектердин сакалын күч менен алдыртып жатат. Америка мындай иштерге тынчсызданууда”, - деди элчи.

Eurasianet басылмасы билдиргендей, элчи Дэниел Розенблюм Өзбекстанда дин эркиндигин бузуу беш жылдан бери ишке ашырылып жаткан реформаларды жокко чыгарып коюшу мүмкүн экенин айтты.

2020-жылы декабрда АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстанды дин эркиндиги олуттуу бузулган өлкөлөрдүн (Special Watch List) тизмесинен алып таштаган.

Өзбек полициясы сакал кыруу кампаниясын кайра баштаганы тууралуу маалыматтар 6-майда вайнер Абдурахмон Абдурахмонов (Abu Vines) “Инстаграмдагы” баракчасына сакалсыз сүрөтүн жарыялагандан кийин тарай баштаган.

Өзбекстан өкмөтү мындай кампанияларды мурда да бир нече жолу өткөргөн.

“Сураныч, эмне болгонун, эмне үчүн сакалымды алганымды, баары жакшыбы, маселе барбы-жокпу, сурабагыла. Балким мага жооп берүү кыйын болот. Бирок муну көргөн жана бул тууралуу билген кишилер түшүнөт деген ниеттемин” , - деп жазган ал.

Ошол эле күнү “Фейсбуктун” колдонуучусу Мухаммадюсуф ибн Кобил райондук ички иштер бөлүмүнө барып келгенден кийин сакалын алууга туура келгенин жазып, сакалчан жана сакалын алгандан кийинки сүрөтүн жайгаштырган.

Мухаммадюсуф бөлүмдө кеминде 10 киши болгонун, укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларды да сакалын алууга мажбурлаганын, болбосо 15 суткага камалышарын айтып коркутушканын ырастаган.

Өзбекстан ИИМинин маалымат катчысы Шохрух Гиясов кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды жарандардын диний ынанымы менен байланыштыруу туура эмес экенин айткан.

“Эгер жаран конституциялык укугум бузулду деп эсептесе, белгиленген тартипте арызданса болот”, - деди ал.

2019-жылы укук коргоо органдары Ташкенттеги "Малика" базарында да сакалы бар ондогон кишини кармап, милиция бөлүмүнө жеткиргенден кийин сакалдарын күчтөп алдырышкан. Анда бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. 2021-жылы февраль айында да аталган базардын соодагерлери полиция кайрадан сакалдарын алууга мажбурлап жатышканына даттанышкан. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости