www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Учурда мамлекеттик иштерде эң маанилүү орундарды ээлеген кадрлар, алар алып барып жаткан иштер канааттандырабы?

-- Эң маанилүү кызмат орундарын ээлеген кадрлардын иштери алдыда. Эң аз дегенде эки-үч жыл, орточо беш жыл берилиши керек. Бизде, тилекке каршы, тез-тез алмашып, эч ким жыйынтык көрсөтө албай келет.

Бул туура эмес саясат. Ошондуктан эки-үч жылдан кийин ар бир министрге өз алдынча баа берсе болот. Бирок одоно мыйзам бузуулар болсо, дароо кызматтан бошотуп, жоопко тартуу зарыл. Мен маданият министринин жана УКМК башчысынын иши канааттандырарлык деп айтмакмын.

-- ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жолугушуусу болду. Бул өлкөлөр арасындагы ынтымак, өз ара мамилелери тууралуу кандай ойдосуң?

-- Президенттин Россияга болгон сапары маанилүү. Анткени Орто Азияда коркунучтар көбөйүп жатат. Бадахшан тоолуу районунда эл каршылыгы жаралып, Душанбедеги бийлик менен пикир келишпестиктер, атышуулар болду. “Өлүмдөр да бар” деп жатышат.

Тажикстанда абал оор. Керек болсо жарандык согуш кайталанышы ыктымал. Тажикстандагы атышуу кандай абалга алып келет? Баары күмөн болуп турат. Ошондуктан ички маселелерге көп убакыт кетирип, аңдып, сындап, ынтыкмасыз болуунун ордуна, сырткы коркунучтардан коргонгонуубуз – учур талабы. Учурда Тажикстандын мамлекеттүүлүгүнө кооптуулук жаралса, качкындар бизге да кирип келеби?

Биз аларды кайда жайгаштырабыз? Андан сырткары, азык-түлүк коопсуздугу, энергетика коопсуздугу да ойлонтот. Азыр “сен кыйын, мен кыйын” деген заман эмес. Дүйнөдө коркунучтар көп. Олку-солку болбой, жети облус биригип ынтымакта турганыбыз оң.

Бизге башка мамлекеттер да маанилүү болушу зарыл. Бир эле мамлекетти карап отурбай, Кытай бар, Индия бар, Казакстан, Өзбекстан, Пакистан, ал гана эмес Афганистан да бар.

Бул өлкөлөр менен ынтымакты бекемдеп, сооданы өнүктүрүп, жаңыча иш алып барбасак, өмүр бою мигранттардын тапкан-ташыганын карап отурганбыз туура эмес. Ошондуктан англис тилине, IT адистигине көңүл буруп, Европага, керек болсо Канада, Австралияга чейин кыргыз жарандарын жөнөтүп, изденели. Кечке бир өлкөнү карап отуруу бизди тез өнүгүүдөн кечеңдетип жатат. Бул – кулчулуктун сезими.

Көздү чоң ачып, дүйнөнү башка көз карашта караганыбыз оң. Муну жаңы муун айтып чыкпаса, улуу муун тартынып тургандай. Саясат менен эле алышпай, соода, экономика, билимге тыкыр көңүл бөлчү учурдабыз. 30 жылдан бери “саясат” деп отуруп, караңгыланып, дүйнөнүн баарына тентигенибиз жетишет. Эч ким эмгек кылайын дебей, ар ким өз кызыкчылыгы менен алышып жатып, ушул абалга келдик.

-- Президент самиттен кандай жыйынтыктар менен кайтышы ыктымал?

-- Чек ара боюнча маселени курчутпоо аракеттери жүрүшү мүмкүн. Тажикстандан коркунучтар бар, Россиядан коркутуулар болушу ыктымал. Бирок эч кимден коркпошубуз керек. Кыргызстан өз кызыкчылыгын гана ойлоп, алдыга умтулганыбыз оң.

Бирөөдөн коркпой, ар бир жарандын кызыкчылыгын ойлоп, 30-50 жылга чейин пландарды коюп аракеттенбесек, бизде оомолук басымдуулук кылып жатат. Өзүбүздүн жолубузду салып, алдыга умтулалы.

Маданиятыбызды, тарыхыбызды сактап, мурунку баалуулуктарыбыз менен азыркыны айкалыштырып, жаман адаттардан арылбасак болбойт. Бизге салыштырмалуу кошуна өлкөлөр демократиялуу эмес. Ал жакта адам укуктары көп бузулат.

Кошуна мамлекеттердин айрымдары кландык, криминалдык, бандиттик бийликтер. Бизде өнүккөн өлкөлөрдөй болбосо да кандайдыр бир эркиндиктер бар. “Эркиндигибизди коргойбуз” деп бизде үч жолу ыңкылап кайталанды. Биз минтип эркиндикке умтулбасак, мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетиши да мүмкүн. ЖККУ биздин кызыкчылыгыбызга көп деле жооп бербейт. Жакшы жарнама эле болуп берет.

ЖККУ өлкөлөрү бири-бирине кол салып, кыргыз жарандарын өлтүрүп, кыргыз айылдарына кол салганы жаман иш. Муну канча убакыт өтсө да изилдеп, жоопкерлер суралышы шарт. Тажикстандан кирген ар бир аскер, колбашчылары жазаланышы керек. Арадан 90 жыл өтсө да жазалоого милдеттүүбүз.

Ошондо бизди башкалар сыйлайт. Караңгы, артта калган өлкө катары эмес, дүйнөгө жарык жүз менен карашыбыз зарыл. Өлкөбүздүн паспортун алган ар бир жаран маанилүү, алтындан кымбат болушун каалайм. Ошондо биздин келечегибиз болот.

ЖККУга өтө деле үмүт артып, бирөөдөн жардам күтүүнү ойлобошубуз керек. Өзүбүздун өндүрүш, технологияларды өнүктүрбөсөк, эч кандай ЖККУ жардамга келбейт. Мекенчилдик сезимди ойготуп, дүйнөдө кандай өндүрүштүк технологиялар болсо, баарын өлкөбүзгө тарталы.

Өзүбүздүн өндүрүш күчтүү болсо, эч ким кол сала албайт. “Биз кичинекейбиз, эч нерсе чечпейбиз” деген ойдон алыстап, өзүбүздү кемсинткенден арылып, тилди, элди, жерди өнүктүрүүгө салым кошсок, бизди мыкты келечек күтөт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости