www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция Батыштын Орусияга каршы санкцияларынын натыйжасында Европага боло турган коркунучун ачыктады. Бул тууралуу Лента.ру билдирди.

Макаланын авторлору Хелен Ричард менен Энн-Сесиле Роберт Орусиянын Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын (ДЭР жана ЛЭР) эгемендигин таануусу Батыштын акыркы сегиз жылдагы санкциялык саясаты ийгиликсиз болгонун далилдейт деп жазышкан.

Макалада көрүлгөн чектөө чараларынан майнап чыгаары күмөн экени айтылат, анткени мындай кадамдар Орусия сыяктуу күчү азыраак мамлекеттерге карата колдонулган күндө да эч качан ийгиликтүү болгон эмес.

"Орусия тарабынан Донбассты өзүн-өзү жарыялаган республикалардын таанылышы Батыштын акыркы сегиз жыл ичинде жүргүзгөн санкциялык саясаты ийгиликсиз болгонун көрсөтүп турат", - деп белгилешти авторлор.

Апрель айынын башында АКШнын штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Марк Милли Орусиянын Украинадагы атайын операцияны болтурбоонун бирден бир жолу Вашингтондун түз аскерий кийлигишүүсү экенин айткан.

"Ал эми бул, менимче, Орусия менен куралдуу кагылышуу коркунучун жаратат жана албетте, мен мындай сунуштарды бербейт элем", - деди генерал Марк Милли.

Украинада атайын операция башталганы 24-февралда белгилүү болгон. Президент Владимир Путин орусиялыктарга кайрылуусунда Москва мындай чараларды көрүүгө Донецк жана Луганск Элдик Республикаларындагы (ДЭР жана ЛЭР) оор кырдаал менен түшүндүргөн.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости