www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киев Батыштын бир катар мамлекеттеринин колдоосуна таянып жай тургундарды кыргынга учурата турган акцияларды даярдап жатат. Бул тууралуу Орусия Коргоо башкармалыгынын улуттук борборунун жетекчиси генерал-полковник Михаил Мизинцев билдирдгенин РИА Новости жазды.
Басылма мындай аракеттер Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен ЛЭР армиясын каралоо максатында жасалып жатканын тактады.
"Киев жамааттык Батыштын бир катар өлкөлөрүнүн колдоосу менен Луганскидеги жай тургундарды массалык жок кылуу боюнча акылга сыйбаган акцияларды даярдоодо. Максаты — Орусия Куралдуу күчтөрү менен ЛЭР армиясын каралоо", — деген Мизинцев.
Анын айтымында, Северодонецк районунун Кременная шаарына чет элдик ЖМКлардын өкүлдөрү келип, алдын ала райондук оорукананын имаратына жайгашкан. Алар бейтаптарды ташыган тез жардам автоунаасын орусиялык аскерлер аткылагандай кылып көрсөткөн украин жоокерлеринин чагымчылыгын тартып каттап калышмакчы.
"Попяснянский районунун Белогоровка конушунда неонацисттер суу кампасынын аймагында жайгашкан резервуарларга мина коюшту. ЛЭР элдик милициясы шаарга жакындаганда аларды жардырып жиберүүнү пландап жатышат", — деди Мизинцев.
Ал, мындан тышкары, Киев облусунун Раговкасында россиялык аскер кызматкерлери өлтүрдү деген жай тургундардын массалык көмүлгөн жерин табууну тартуу менен дагы бир провокация даярдалып жатканын кошумчалады.
Мизинцев украин бийлигинин мындай аракеттери алардын элдин тагдырын ойлобостон, эл аралык гуманитардык укук нормаларына кайдыгер мамилесин тастыктап турарын белгиледи.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg