www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда бийлик жүргүзүп жаткан пенсия реформасына каршы жаңы нааразылык акциясы өттү.

Кечээ күнү Франциянын Конституциялык кеңеши пенсиялык куракты 62ден 64кө көтөрүү боюнча мыйзам долбоорду жактырган. Мындан улам шаар көчөлөрүнө реформага каршы миңдеген адам чыккан. Полиция аларды союл жана көздөн жаш агызуучу газ менен кубалаган.

Бүгүн Макрон чуулуу мыйзамга кол койду. Профсоюздар 1-майда каршылык акциясын уюштурууну ниеттенип жатканын билдиришти.

Март айында Франциянын премьер-министри Элизабет Борн конституциянын 49.3-беренесин колдонуп, пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун парламентте добушсуз эле кабыл алган. Бул демилге көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, өлкө боюнча миллиондон ашык адам митингге чыккан. Анда демонстранттар менен полиция кагылышып, тополоң болгон.

 

Последние новости