www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Судандын борбору Хартумда армия менен Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар башталды. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы окуя болгон жерден билдирди.

Анын айтымында, Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн лагери жайгаштырылган жерлерде атышуулардын үнү угулуп жатат. Мындан тышкары Судандын борбору менен Омдурман шаарын байланыштырган көпүрө жабылып, унаалардын кыймылы токтотулган.

Тез аракеттенүүчү күчтөр өз кезегинде Судан армиясынын Хартумдагы базасына кол салганын жарыялады. Алар регулярдуу армия ар кандай оор жана женил куралдар менен позицияларга чабуул койгондугун айтышты.

Ошондой эле Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү Хартум аэропортун жана Меровдогу базаны көзөмөлгө алганы белгилүү болду. Судан армиясы Хартумдагы аэропортто салгылашуулар уланып жатканын билдирүүдө.

Кагылышуулардан улам Хартум эл аралык аэропорту каттамдарды кабыл алууну токтотту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости