www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын 85% аймагын кургакчылык каптады

Францияда аптаптуу аба ырайы жана жаан-чачындын аздыгынан кургакчылык күчөдү. Евробиримдиктин «Коперник» программасынын маалыматына караганда, июлдун ортосуна карата өлкө аймагынын 85% бөлүгүндө кургакчылык боюнча эскертүү жарыяланган.

Бул көрсөткүч 2025-жылы 65% болсо, 2024-жылы 2%дан да төмөн болгон.

«Sentinel-3» спутнигинен алынган сүрөттөр Франциянын кеңири аймактарында өсүмдүктөрдүн жашыл түсү азайып, жердин кургап кеткенин көрсөттү. Айрыкча Атлантика жээгинен өлкөнүн түндүгүнө чейинки аймактарда кургакчылыктын белгилери байкалууда.

Буга чейин ысыктан жана кургакчылыктан Франциядагы Луара дарыясынын суусу кескин тартылганы кабарланган.

Последние новости